14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
30-майга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен Нарын облусунда-12, Бишкек шаарында – экөө.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жуктуруп алган медициналык кызматкерлеридн саны 344 болду.
Алардын ичинен 247 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.
30-майга карата Кыргызстанда бир суткада COVID-19 инфекциясынын 60 учуру аныкталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1722 болду. 16 киши каза тапты.
Бир суткада 25 киши айыкты. Айыгып чыккандардын бардык саны 1113кө жетти.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү