​“Ардактуу турист” наамын алгыңыз келеби? Анда сынакка катышыңыз.

  • 4 года мурун

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Ардактуу турист” наамын алууга сынак жарыялады.

Бул үчүн өлкөнүн төмөндөгү 10 ажайып жерине барып келгендигин сүрөттөр аркылуу тастыктоо керек.

1. «Бурана» комплекси

2. «Өзгөн» комплекси

3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси

4. «Сары Челек» коругу

5. Манастын күмбөзү

6. Сан Таш

7. “Жомок” каньону (каньон “Сказка”)

8. «Арсланбап» улуттук коругу

9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси

10. «Шах-Фазиль» күмбөзү

Маданият, маалымат жана туризм министри А. Жаманкуловдун айтымында, сынакка катышуу үчүн аталган жерлерден сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү министрликтин же туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек, ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларга жарыяласа болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты