​​Акыйкатчы: Абактагы Алмазбек Атамбаев менен Каныбек Осмоналиев саламаттыгы начар экенин айтты

  • 4 года мурун

Акыйкатчы Токон Мамытов улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып жаткан айрым мурдагы жетекчилер менен жолугуп чыкты.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 26-майда Мамытов жана акыйкатчы аппаратынын абактагылардын укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Алберт Колопов атайын кызматтын тергөө абагына барып келишти.

Акыйкатчы жолуккандардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы вице-премьер Дүйшөн Зилалиев, Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов, “Энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, экс-депутат Каныбек Осмоналиев, Атамбаевдин жубайынын аты аталган иш боюнча кармалган Бектурсун Айталиев жана Сардор Абдрахманов бар.

Маалыматта “Осмоналиев ден соолугу начар болуп жатканын айтып, далил катары Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын медициналык аныктамасын көрсөттү. Атамбаев кан басымы туруктуу болбой жатканын айтты. Жогоруда аты аталган адамдар айрым судьялар жана тартип коргоо органдарынын жетекчилери мыйзамсыз иштерге барганын айтып, нааразылык билдиришти” деп айтылат.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы бардык арыз-даттануулар дыкат талдоого алынып, тийиштүү сот органдарына жана мекемелерге жазуу түрүндө тийиштүү кайрылуулар жөнөтүлөрүн билдирди.

УКМК буга чейин Атамбаевдин абалы туруктуу экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты