COVID-19: Жаңы 52 учуру катталды. Бардыгы 1520га жетти
- 4 года мурун
Кыргызстанда 27-майга карата COVID-19 инфекциясынын жаңы 52 учуру аныкталды.
Анын ичинен:
Нарын облусу – 17;
Бишкек шаарында – 11, анын ичинен экөө Россиядан келген аскер кызматкерлеринен;
Чүй облусу – 11, анын ичинен 8и Соль-Илецктен келгендерден;
Ош шаарында – 7;
Ош облусу – 2;
Баткен облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 3.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Республикада коронавируска кабылгандардын жалпы саны 1520га жетти.
Айыгып чыккандардын саны 28 киши болду. Жалпысынан 1044 бейтап айыкты.
Муну бөлүшүү