Apple компаниясынын катасын тапкан түркмөнстандык студент 3,5 миң доллар сыйлык алды

  • 4 года мурун

Түркмөнстандык студент Алмаз Сеидов Iphone смартфонундагы системалык катаны таап чыккандыгы үчүн Apple компаниясынан 3,5 миң доллар өлчөмүндө сыйлык алды. Бул тууралуу Hurriyet түрк басылмасы кабарлады.

Түркиянын Кастамону университетинде окуп жаткан 22 жаштагы Сеидов Apple Store тиркемесинен оюн көчүрүп жатып, андагы системалык мүчүлүштүктү таап чыккан. Бул үчүн Applе компаниясы ага ыраазычылык кат жана 25 миң лира (3,5 миң доллар) сыйлык жөнөткөн.

Буга чейин да досунун Iphone үлгүсүндөгү смартфонунан системалык ката таап, 250 лира сыйлык алган Сеидов алдыда башка операциялык системалардын каталарын издөөгө белсенүүдө.

Сүрөттө: Алмаз Сеидов. Hurriyet

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты