Коронавирустун жаңы 35 учуру катталды. Бардыгы 1468ге жетти
- 4 года мурун
26-майга карата өлкөдө COVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаарында — 16, анын ичинен төртөө Россиядан келген аскер кызматкерлеринен;
Чүй облусу -7, анын ичинен үчөө Соль-Илецкиден келгендерден;
Ош облусу – 4;
Нарын облусу – 8.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1468ге жетти.
Бир суткада 23 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан 1015 бейтап айыкты.
Муну бөлүшүү