Коронавирустан эки киши каза тапты
- 5 лет мурун
Республикада бир суткада СOVID-19 инфекциясынан 2 бейтап каза болду.
Анын бири — Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы,70 жашта, республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан каза тапты. Экинчи бейтап Ж.К. 67 жашта, Жайыл аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө каза болду.
Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 16 кишини түздү.
25-майдагы маалымат боюнча бир суткада республикада 30 кишиден коронавирус аныкталып, жалпы саны 1433кө жетти.
Муну бөлүшүү