Бир суткада 30 кишиден коронавирус аныкталды. Бардыгы 1433кө жетти

Жаңылыктар

25-майдагы маалымат боюнча бир суткада республикада 30 кишиден коронавирус аныкталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 17, анын ичинде 8и Санкт-Петербург шаарынан келгендерден

Чүй облусу – 1;

Нарын облусу - 5;

Ош шаарында - 3;

Ош облусу - 1;

Жалал-Абад облусу - 2;

Баткен облусу - 1

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.

Өлкөдө инфекция жуктургандардын жалпы саны1433кө жетти.


ЖаңылыктарКыргызстанкоронавирусаныкталдыНурболот Үсөнбаев