​Экс-спикер Мукар Чолпонбаев коронавирустан каза тапты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 24-майда, республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан 70 жаш курагында кайтыш болду.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Коронавирустун айынан эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт дарттары күчөп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тарткандыгы да маалымдалды.

Мукар Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан, жандандыруу бөлүмүнө которулган, Бүгүн саат 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан Мукар Чолпонбаев COVID-19 вирусунан каза тапты.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунан буга чейин 14 киши каза тапса, Мукар Чолпонбаев 15-курмандыгы болду.

Мукар Чолпонбаев 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

«ПолитКлиника» медиасынын жамааты экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты