​Коронавирус жуктурган экс-спикер өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты менен дем алууда

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин экс-спикери Мукар Чолпонбаевдин абалы оорлошуп, 12-майда республикалык инфекциялык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулган.

Ал жактан өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратынын жардамы менен дем ала баштаган.

Мукар Чолпонбаев республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 5-майда COVID-19 инфекциясы менен түшкөн.

Бүгүнкү күндө да бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор деп айтылууда.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

Маалыматтарга караганда, экс-спикер Чолпонбаевге инфекция коронавируска чалдыккан медицина кызматкери болуп иштеген аялынан жугуп калган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты