​Пакистанда кулаган учактагы 97 киши каза тапты. Экөө аман калды

  • 4 года мурун

Пакистандын Синд провинциясынын саламаттык сактоо министрлиги Карачи аэропортунун жанынан 22-майда кулаган Airbus A-320 учагынан 97 киши каза тапканын тастыктады.

«Учактын ичинде бардыгы 99 киши болгон, эки киши аман калган” деп жазды Твиттер баракчасына саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Миран Юсуф.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Учакта 91 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү болгон.

Ошондой эле учак кулаган үйлөрдөгү кишилер да жапа тарткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ооруканага 30 дай киши түшкөн.

Өлкөнүн премьер-министри Имран Хан бул кырсык боюнча иликтөө иштери башталганын маалымдады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты