Исхак Масалиев депутаттык мандатын тапшырарын жарыялады
- 3 years мурун
Бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий жана экономикалык абал боюнча кайрылуу жасады жана депутатттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырарын билдирди.
-Урматтуу кесиптештер, 25-майдан тартып өз каалоом менен мандатымды тапшыруу чечимин кабыл алдым. Себеби жөнөкөй эле. Жогорку мыйзам чыгаруу органында иштеп келген депутат катары мамлекетте жаралган көйгөйгөргө мен дагы толук жоопкерчиликтүүмүн, – деди ал.
Ошондой эле депутат өлкө жарандарына жана кесиптештерине ыраазычылык билдирди.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү