Бишкекте 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
21-майга карата бир сутка ичинде Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Ал эми стационардан 2 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 270 учур катталды. Бардыгы 223 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
21-майга карата республикада коронавирус инфекциясынын жаңы 43 учуру катталып, жалпы саны 1313кө жетти.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү