COVID-19: Жаңы 27 учур аныкталды. Бардыгы 1243 болду
- 3 years мурун
19-майга карата бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 27 учуру катталды.
Алардын ичинен:
Бишкек шаарында – 7, анын ичинен бирөө Санкт-Петербург шаарынан келгендерден;
Нарын облусу – 11;
Ош облусу – 6;.
Чүй облусу – 3, булар Соль-Илецк шаарынан келгендерден аныкталды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында маалымдады.
19-майга карата коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1243кө жетти.
Муну бөлүшүү