​Ирандан кыргызстандык 5 жаран жана гуманитардык жүк келди

  • 4 года мурун

Бишкекке чартердик аба каттамы менен кыргызстандык беш жаран жана гуманитардык жардам келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, транспорт жана жолдор министри – өкмөттөр аралык эки жактуу комиссиянын кыргыз тарабынын тең төрагасы Жанат Бейшенов жана Иран элчиси Саид Харазинин катышуусунда гуманитардык жардам тапшырылды.

Гуманитардык жардам жеке коргонуу каражаттарынан (беткап, кол кап, кийим, коргоочу көз айнек), дары-дармектен турат.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

18-майда Кыргызстандын 5 жараны «Air Jordanian» Иордания авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматынын аэропортуна келди. Ал жактан Кыргызстанга жеткирилди.

17-майда «Аэрофлот» авиа компаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамы менен 378 кыргызстандык алынып келинген.

7-майда 541 кыргызстандык Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты