Москвадан Кыргызстандын 378 жараны келди
- 4 года мурун
«Манас» эл аралык аэропортунда 17-майда «Аэрофлот» авиа компаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты.
378 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды.
Бул тууралуу корнавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
16-майда «Тез Жет» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамы менен Кыргызстандын 161 жараны мекенине кайтты.
Буга чейин Санкт-Петербург-Бишкек чартердик каттамы менен 156 кыргызстандык. кайтарылган. Ошондой эле бир катар чет мамлекеттерден мекендештер кайткан.
Муну бөлүшүү