Бир суткада 21 бейтап айыкты
- 4 года мурун
17-майдагы маалымат боюнча бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Бишкек шаарында – 11, Ош шаарында– 2, Ош облусунда – 2, Баткен облусу – 3, Нарын облусу – 3.
Республика боюнча жалпы 804 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.
17-майга карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясына кабылган 21 учур катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1138ге жетти.
Сүрөт: Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү