Эне тууралуу ырлардан. Анатай Өмүрканов: «Эне мээри»

Соңку сегиз жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргызстанда энелер күнү белгиленет. Быйыл ал 17-майга, бүгүнкү күнгө туура келет.

Энелерди куттуктап, Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүркановдун «Эне мээри» аттуу ырын сунуш кылабыз.

ЭНЕ МЭЭРИ

Кайда жүрбө сезет сенин кандайың,

Садагам деп сайып койгон кан, жанын.

Күндүн нуру күндүз бар да, түндө жок,

Эне мээри баласы үчүн бар дайым.

***

Баласы үчүн отко түшөт тартынбайт,

Жанын берет, бирок жатка калтырбайт.

Жазда кирген суу күзүндө тартылат,

Эне мээри эч убакта тартылбайт.

***

Эне өлөт, эне деген сөз өлбөйт,

Энеге окшоп эч ким бала көтөрбөйт.

Баардыгы бала сүйөт, а бирок

Азабына энедей жан төшөлбөйт.

***

Айланайын, «Эне» деген атын айт,

Бала – десе бар дүйнөсү чачырайт.

Биз сүйөбүз… биздин сүйүү эненин

Сүйүүсүнүн тамчысына татыбайт.

***

Өз өзүнөн көбөйсүн деп жараткан,

Аман болсун Эне, бала, Күн, Асман…

Кара жерге коюлган жок энекем,

Жүрөгүмдө «Апа…», «Апа…» – деп каккан.

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны.

Сүрөт: Семен Афанасьевич Чуйков. «Таң». Живопись сүрөт. 1947-жыл.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты