Атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат
- 4 года мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эртеңки энелер күнү менен куттуктады.
-Энелер — жашоонун башаты, үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен, коломтонун ээси, коомубуздун уюткусу, жалпы мекенибиздин куту.
Жаштарыбыздын руханий көрөӊгөсү, мекенге болгон сүйүүсү, атуулдук сезими — энелердин мээриминен башталат, алардын таалим-тарбиясына барып такалат.
Ар бир бала — эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөт. Мекенге болгон атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат
Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо, аларды социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты.
Энелик мээримин төгүп, коомубуздун эртеңкисин, мамлекетибиздин келечегин аныктай турган татыктуу балдарды тарбиялап жаткан апалардын ар бирине ыраазылык билдирем, -деп айтылат куттуктоодо.
2012-жылдан баштап ар жылы май айынын үчүнчү жекшембиси энелер күнү катары белгиленүүдө. Быйыл энелер күнү 17—майга туура келет.