Обсервацияда эки миңден ашык киши жатат
- 4 года мурун
Соңку сутка ичинде коронавирус инфекциясына 3334 лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн.
COVID-19 га чалдыккан бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны – 5 228 .
Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 146 киши жатат.
Стационарда – 320, алардын ичинен реанимацияда – 4 киши.
Ооруканадан 783 киши чыгарылды. Каза тапкандардын саны 14 киши.
Бул тууралуу маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
16-майга карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын жаңы 6 учуру катталып, бардыгы 1117ге жетти.
Республика боюнча бир суткада 38 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандарлын жалпы саны 783кө жетти.
Муну бөлүшүү