​Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылдырылды

  • 4 года мурун

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылды.

Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

«Бул чечим түрк тилдүү мамлекеттердин жана элдердин жалпы мурасына татыктуу деңгээлде IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу, спортчулардын жана бардык катышуучулардын ден соолугун коргоо максатында кабыл алынды» деп жазылат агенттиктин маалыматында.

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2020-жылы күзүндө Түркиянын Бурса шаарында өткөрүү пландалып жаткан.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен үч ирет (2014-жыл, 2016-жыл, 2018-жыл.) Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты