​Төрага депутаттардын сынына кабылды

14-майда Жогорку Кеңеште Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда депутаттар менен парламент төрагасы ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Анын аягы Жогорку Кеңештин төрагасынын кадр саясатын, анын фондун текшерүү тууралуу парламенттик комиссия түзүү сунушу менен аяктады.

Депутаттар Наталья Никитенко менен Исхак Масалиев шайлоо тууралуу алардын мыйзам долбоору каралбай, төрт айдан бери жооп болбой жатканын сындады.

Аталган депутаттардын шайлоо тууралуу мыйзам долбооруна окшош альтернативалуу мыйзам долбоорун алып чыккан депутат Канат Керезбеков бул регламентке ылайык сунуш кылынганын белгилеп, парламентке алып келине элек долбоордо шайлоо босого чеги 5% деп сунушталса, азыркы каралчу мыйзам долбоорунда шайлоо чеги 7% пайыз деп сунушталып, убагы келгенде ал долбоор деле караларын белгилеп өттү.

Төмөндө ошол жыйындын жүрүшүндөгү ирмемдер.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты