​Коронавирус жуктургандардын саны боюнча Россия экинчи орунга чыкты

  • 4 года мурун

13-майдагы окумуштулардын онлайн-картасынын маалыматы боюнча дүйнөдө 4 261 955 киши коронавируска чалдыкты.

Коронавируска чалдыкканардын саны боюнча АКШ биринчи орунда, анда 1 369 574 киши инфекция жуктурду.

Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Анда 232 243 киши дартка чалдыкты.

Ошондой эле Казакстанда — 5 279, Өзбекстанда — 2 519. Кыргызстанда — 1037ге жетти.
Дүйнөнүн 187 өлкөсүн коронавирус каптады.

АКШ жана Россиядан кийинки көрсөткүчкө ээ болгон Испанияда — 1 39 574 киши, Улуу Британияда — 227 741, Италияда 221 316 киши инфекцияга чалдыкты.

Коронавирустан дүйнөдө 291 964 киши каза тапты. Анын ичинен АКШда 82 376, Улуу Британияда — 32 911, Италияда 32 243 киши каза тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты