Apple Өзбекстанга 59,2 миң доллар салык төлөдү

  • 4 года мурун

Apple корпорациясы I кварталдын жыйынтыгы менен Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине 59,2 миң доллар өлчөмүндө салык төлөдү.

Өлкөнүн Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, Apple Өзбекстанда кошумча нарк салыгын төлөөчү катары өз эрки менен каттоого турган.

Өзбекстанда 2020-жылдан тартып жарандарга электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компанияларга кошумча нарк салыгын төлөө тартиби киргизилген.

Бул эрежеге ылайык, өлкөдө электрондук кызмат көрсөткөн 10 чет өлкөлүк компания кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталган.

Буга чейин Google Commerce Limited компаниясы Өзбекстандагы кызмат көрсөтүүлөрү үчүн I квартал үчүн 85 000 евро салык төлөгөнү кабарланган.

Мындан тышкары сериалдар менен кинотасмаларды тараткан Netflix International B.V компаниясы кошумча нарк салыгы катары 4,3 миң евро төлөгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты