Президент чек арада жарадар болгон аскер кызматкерлеринин абалын көрдү

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Октон жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарындагы улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

8-майда кыргыз-тажик чек арасынын Чек аттуу жеринде ок жаңырган.

Жарадар болгондордунүчөө ооруканага жаткырылган.25 жаштагы чек ара кызматкерине операция жасалып, абалы оор болуп жаткандыгы айтылган. 24 жаштагы чек ара кызматкери жарадар болуп, абалы бир калыпта, орточо оор. 23 жаштагы жоокерге да ок тийип, абалы орточо оор.

Алар Баткенден Бишкекке, Улуттук госпиталга алынып келген.

Сүрөт: Президенттин басма сүз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты