​Кыргызстан Россиядан газ баасын карап чыгууну өтүндү

  • 4 года мурун

Кыргызстан Орусиядан жаратылыш газынын баасын карап чыгууну өтүндү.

11-майда вицепремьерминистр Эркин Асрандиев орус өкмөт башчысынын орун басары Андрей Оверчук менен онлайн сүйлөшүү өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады жана газ маселесин да козгоду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Асрандиев: «Бул — биз үчүн өтө аяр маселе. Коронавирус инфекциясынын жайылышы, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү, улуттук валютанын баасы төмөн түшүшү калктын сатып алуучулук дараметин азайтты. Ошондуктан кыргыз тарап жаратылыш газынын баасы боюнча маселени кайра карап чыгууну өтүнөт. Албетте, бул маселени бир заматта чечип коюуга болбойт, бирок биз оң жооп алабыз деп ишенебиз» деди.

Орус тарап бул сунушту карап чыгууга убада берди.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы апрель айында калк үчүн бир куб метр газдын баасы 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин кымбаттаткан. Бизнес үчүн (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир куб метр газдын баасы 18,7 сомдон 21,3 сомго көтөрүлгөн. Баанын өзгөрүшү АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырылган.

Бирок кийин өкмөт «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, көгүлтүр оттун баасы мурунку калыбында калганын кабарлаган. Бул карапайым газ колдонуучулар менен катар эле ишканаларга да тиешелүү экени айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты