Коомдук транспорт азырынча иштебейт
- 3 years мурун
Кыргызстанда коомдук транспорт азырынча иштебейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга иштөөгө уруксат жок.
Бул тууралуу республикалык штаб жыйынында премьер министр Мухаммедкалы Абылгазиев билдирди.
-COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ, -деди премьер-министр.
Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат.
Эртең, 11-майдан тартып бир катар ишкана-мекемелерге иштөөгө уруксат берилери билдирилди.
11-майдан баштап коменданттык саат жоюлат. Бишкек, Ошто, Ат-Башы районунда жана Чаткалдын Каныш-Кыя айылында карантин киргизилет. Өзгөчө кырдаал күчүндө калат.
10-майга карата бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 71 учуру катталды. Алардын 55и Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан келип обсервацияда жаткан кыргызстаныктардан аныкталы. Инфекцияга кабылгандардын бардык саны 1002ге жетти.
Сүрөт: president.kg