Бир суткада коронавирустан 17 бейтап айыгып чыкты
- 4 года мурун
Республикада 10-майга карата бир сутка ичинде 17 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Алар Бишкек шаарында – 7, Ош шаарында – 5, Нарын облусу – 4, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ал эми 10-майга карата бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 71 учуру катталды. Алардын 55и Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан келип обсервацияда жаткан кыргызстаныктардан аныкталы. Инфекцияга кабылгандардын бардык саны 1002ге жетти.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү