​Баткен облусуна вице-премьер-министр жана медицина кызматкерлери кетти

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Куралдуу күчтөрдүн аскер- учагы менен Баткен облусуна кетти.

Вице-премьер-министр окуядан жабыркаган аскер кызматчылары дарыланып жаткан ооруканага барат.

Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда кечээ мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуяга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрөт.

Ошондой эле ал жакка медицина кызматкерлери да кеткендигин чек ара кызматы маалымдады.

Кыргыз-тажик чек арасында атылган октон төрт кыргызстандык жабыркады. Алардын бирине операция жасалгандан кийин абалы оор экенин саламаттык сактоо минитсрлиги билдирген.

Кечээ, 8-майда, кыргыз-тажик чек арасынын Чек аттуу жеринде ок жаңырган. Кыргыз-тажик чек арасында атылган октон төрт кыргызстандык жабыркады. Алардын бирине операция жасалгандан кийин абалы оор экенин кабарлаган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты