«Өлбөс полк» онлайн жүрүшү

  • 4 года мурун

Бул жылы алдыдагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 75 жылдык мааракесиндеги «Өлбөс полктун» жүрүшү коронавирус пандемиясынын шарттарына ылайык, pobeda.srs.kg порталында онлайн тартибинде өтүп жатат.

Онлайн-жүрүшкө катышуу үчүн https://pobeda.srs.kg/ порталында тийиштүү формадагы маалыматтарды толтуруп, ардагер-туугандардын сүрөттөрүн жүктөө керек.

Түзүлгөн базадан автоматтык түрдө согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүнөн видеокатар түзүлөт.

Порталдын маанилүү бөлүгү болуп согуш жылдарында курман болгон жана дайынсыз жоголгон аскерлер жөнүндө маалыматтардын электрондук банкы, Кыргыз Республикасынын аймагынан чакырылган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жөнүндө маалыматтарды издөө саналат.

Порталды өкмөткө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы иштеп чыкты.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы биздин мекендештерибиздин эрдиктерине арналган мааракелик виртуалдык-фотодокументтик көргөзмөнү http://pobeda.archive.kg/, ал эми “Фронттон кат” галереясын http://letters.archive.kg көрө аласыздар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты