COVID-19: Коронавирустун 11 учуру аныкталды. Бардыгы 906га жетти
- 4 года мурун
Кыргызстанда бүгүнкү, 8-майдагы, маалымат боюнча COVID-19 инфекциясынын 11 учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 5;
Чүй облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 3.
Республика боюнча коронавирус жугузгандардын жалпы саны 906 болду.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев мааламат жыйынында билдирди.
Ошондой эле 8-майга карата 13 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 650гө жетти.
Муну бөлүшүү