​Исфанадагы жаңы конуш сел нугуна курулуп калган

  • 4 года мурун

Бүгүнкү, 6-майдагы, Жогорку Кеңеш жыйынында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Исфана шаарындагы жаңы конуш сел нугуна курулуп калганын билдирди.

Ал эми депутат Сайдолимжон Жураев өкмөт тарабынан жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери толук кандуу жүргүзүлбөй жатканын айтты.

-Баткен облусунун көп аймактарында жыл сайын сел жүрүп, жергиликтүү жашоочулар жабыркап келишүүдө. Өз убагында алдын алуу иштерин жүргүзбөгөн жергиликтүү жетекчилерге чара көрүү керек, — деди Жураев.

Депутат Карамат Орозова сел каптаган айылдагы турак үйлөрдүн абалына токтолуп, мамлекеттен берилчү каражатты тездетүү керектигин өкмөткө сунуштады.

Селден Баткен облусуна 55 млн 267 миң сом зыян келтирилди

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жабыр тарткан аймак тургундарына каражат бериле электигин маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров табыгый кырсыктын кесепеттери боюнча парламентте маалымат берди. Анын айтымында сел жүргөн аймакта 116 турак-жайга суу кирип, 1 турак-жай бузулган. Бир бала бакчанын жер төлөсүнө суу толуп, дагы бир нечесинин короосун каптаган. Сел 61 чакырым жолду, өндүрүш ишканаларын да жабыркаткан, бир чарбалык көпүрө авариялык абалга келген. Тилсиз жоодон 32 гектар бак-дарак жабыркап, мөндүр уруп салганынын ӨКМ билдирди.

«Социалдык тармактардагы жарыяланган унаалар агып жаткан видео жалган. Ал видеодогу сел Баткенде болгон эмес. Исфанада болгону беш бодо мал аккан. Алдын-ала элге шашылыш билдирүүлөр, эскертүүлөр берилип, натыйжасында бир топ жерлер сакталып калган», -деди министр.

Ошондой Исфана шаарында жабыркаган турак-жайлар селдин нугу өткөн жерге салынып калганы айтылды. «Учурда Экотехинспекция ал жерлердин берилишинин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн прокуратурага арыз менен кайрылды» деди министр.

Баткен облусуна селден 55 млн 267 миң сом зыян келтирилди

Гидрометтин билдирүүсү боюнча 6-7-8-май күндөрү да Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында катуу нөшөр болуп, сел жүрүү ыктымалдыгын Өзгөчө кырдаалдар министри эскертти.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулду.

Иллюстрациялык сүрөт: Сел жүргөн жерлерди тазалоо. ӨКМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты