Шаржа шаарында 48 кабаттуу үй өрттөндү

  • 4 года мурун

Шейшемби күнү кечинде Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Шаржа шаарындагы 48 кабаттуу туракүйдө ири өрт чыкты.

«Галф Ньюс» агенттиги тогуз киши жеңил жараат алганын, үйдүн калган тургундары эвакуацияланганын билдирди.

Имараттын онунчу кабатында башталган өрттүн себептери айтыла элек.

Жергиликтүү полиция башкармалыгы үйдүн ээси жабыркагандарга убактылуу турак-жай берүүнү убадалаганын кабарлады.

Азырынча өрт көп кабаттуу үйдөгү канча батирге тараганы белгисиз.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты