Гүлнура: Жеңемдин вирустан көз жумганын оор кабыл алдык — BBC Kyrgyz (Видео)
- 4 года мурун
- Видео
Кыргызстанда коронавирустан дарыгер көз жумду деген суук кабар желдей тарады. Президент Сооронбай Жээнбеков да маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты. Каза тапкан врач Жүзүмкан Көкүмбаеванын келини Гүлнура Кыштообаева Би-Би-Сиге дарыгердин өмүрүнүн соңку күндөрү, ишмердиги тууралуу маек курду.
Кыргызстанда 5-майга карата COVID-19 жаңы 13 учуру катталып, жалпы саны 843кө жетти.
Өткөн сутка ичинде Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы бир бейтап каза болду. Каза тапкандардын жалпы саны 11 ге жетти.
Сүрөттө: Жүзөмкан Көкүмбаева. Социалдык тармактан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!