​Казакстандын Түркстан облусунда 22 миң киши эвакуацияланды

  • 4 года мурун

Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычында дамба жырылгандан кийин Казакстандын Түркстан облусундагы он айылды суу каптап, 22 миңден ашык жергиликтүү тургун коопсуз жерге эвакуацияланды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына жабыркаган тургундарга жардам берилип, өзбек өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазды.

2-майга караган түнү Түркстан облусундагы бир нече айылды суу каптагандан кийин аймактагы Мактаарал районунда техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Жекшемби күнү облустук акимчилик аталган райондо 620 турак-үйдү жана 3,5 миң гектардан ашык айдоо жерди суу каптап, жалпысынан 404 миллион теңге (950 миң доллардан ашык) материалдык чыгым келтирилгенин билдирди.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты