​Иорданиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу 8 млн сомдук жардам көрсөттү

  • 4 года мурун

Иорданиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Аль-Саббах Карам Самир Адиб COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө жардам берди.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча республикалык штабы билдирди.

Жалпы суммасы 8 млн сомдук азык-түлүк жана жеке гигиеналык каражаттары катары гуманитардык жардам Кыргызстандагы социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө, медициналык кызматкерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүнүн у жашоочуларына жана оор абалдагы топко кирген башка социалдык объектилерге берилет.

Бүгүнкү, 3-майдагы, маалымат боюнча, бир суткада COVID-19 инфекциясынын 26 учуру катталып, бардык саны саны 795ке жетти

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты