​Коронавирус жугузганы байкалбагандар өзү оорубаганы менен дартты башкага жуктурат

  • 4 года мурун

67 % вирус жуктурган жарандарда коронавирус симптому жок өтөт.

Бул тууралуу вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

-Ал эми, Кыргызстандагы иликтөөлөрдүн негизинде COVID-19 тастылганы менен, бейтаптардын 67%ында илдеттин симптомдору билинбей өтүп жатканы белгилүү. Ошентсе дагы, анализ аркылуу вирус тастыкталган бардык жарандар ооруканага жаткырылып, тийиштүү дарылануу курсунан өтүшөт.

Себеби симптому билинбей өтүп жаткан бейтаптар өздөрү оорубаганы менен, башкаларга жугузушу мүмкүн. Бул — абдан кооптуу. Мындан улам, элдин арасында анализ аркылуу тастыкталбаганы менен COVID-19 вирусун алып жүргөндөр бар деп айтууга болот, — деп билдирди вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов.

Бүгүнкү, 3-майдагы, маалымат боюнча, бир суткада COVID-19 инфекциясынын 26 учуру катталып, бардык саны саны 795ке жетти

3-майдагы маалымат боюнча эки киши каза таап, жалпы саны 10 кишиге жетти.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты