​Коронавирустан жалпысынан 564 киши айыкты

  • 4 года мурун

3-майга карата бир сутка ичинде 37 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Алсак, Бишкек шаарында – 21, Нарын облусунда — 6, Ош шаарында — 6, Баткен облусунда -2, Ош жана Баткен облусунда бирден.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.

Бүгүн, 3-майдагы маалымат боюнча, бир суткада COVID-19 инфекциясынын 26 учуру катталып, бардык саны саны 795ке жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты