​Коронавирустан каза тапкан врач бейтап менен контактта болгон

2-майда коронавирус инфекциясынан каза тапкан Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева бейтап менен контактта болгон.

-Жүзүмкан Асановна саламаттык сактоо тармагында отуз жылдан ашык эмгектенген, ишин мыкты билген адис, кадырлуу дарыгер эле.

Нарын облусунун Кочкор районунда 1962-жылы туулган. Жогорку категориядагы врач, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагынын отличниги. Бир катар муундагы жаш адистерге тажрыйбасын бөлүшкөн, -деди саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

-Саламаттык сактоо министрлигинин жана бардык медкызматкерлердин, республикалык штабдын атынан анын жакындарына орду толгус жоготуу болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, -деди.

Маалымат жыйынында Айнура Акматова 2-майда каза тапкан эки киши тууралуу суроого жооп катары буларды белгиледи:

—Каза тапкандардын бири — Жалал-Абад облусунан болот. Екатеринбург шаарынан 28-апрелде учуп келип, обсервацияга жаткырылган. 29-апрелде инфекциялык ооруканага которулган. Дарылоо аракеттерине карабастан, ал каза болуп калган. Коронавируска байланыштуу дем алуусу начарлаганы менен катар, атеросклероз, тубаса бөйрөк дарты, кант диабетине байланыштуу инсулинге көз каранды болгон,-деп белгиледи.

-Ал эми медицина кызматкери тууралуу айтсак, №3 медицина борборунун кызматкерлери коронавируска чалдыкканы белгилүү.

№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева ал жактагы коронавирус жуктурган дарыгерлердин бири менен контактта болгон.

Коронавирус аныкталгандан кийин 24-апрелден баштап, республикалык инфекциялык ооруканага жаткырылган. Коронавирустан улам ал эки тараптуу пневмонияга кабылган, дем жетпей, оорусу курч мүнөздө өткөн, полиорган жетишсиздиги, баш мээсинин шишиги катталган. Анын жогорку тобокелчиликтеги гипертониялык дарты, өнөкөт кардиосклероз дарты болгон. Дарылоо аракеттерине карабастан, Жүзүмкан Көкүмбаева каза болуп калган, -деди Акматова маалымат жыйынында

3-майдагы маалымат боюнча бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинде Бишкек шаарында -5, Чүй облусунда — 2 медициналык кызматкер.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 207 учур катталды.

Алардын ичинен 139 медкызматкер стационардан айыгып чыккан. Өткөн суткан ичинде республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында эки киши коронавирустан каза тапты.

Кыргызстанда жалпысынан оорудан 10 киши көз жумду.

Бүгүнкү, 3-майдагы, маалымат боюнча, бир суткада COVID-19 инфекциясынын 26 учуру катталып, бардык саны саны 795ке жетти

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Сүрөттө: Жүзүмкан Көкүмбаева.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты