​Белгилүү журналист жана акын Зайырбек Ажыматов 44 жашында көз жумду

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист, «Азаттык» радиосунун кабарчысы, мыкты акын Зайырбек Ажыматов 44 жашында көз жумду.

Бул тууралуу кесиптештери кабарлады. Кыргызстандын көз карандысыз журналисттер бирлиги көңүл айтуу жарыялады.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган.

1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

“Азаттык” радиосунда Зайырбектин мазмуну терең эмгектери ободо жаңырып турганын анын ар бир окурманы жакшы билет.

Зайырбек мыкты акын катары да белгилүү эле. Анын «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл), «Жүрөктөгү бороон» (2019) ыр жыйнактары жарык көргөн.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы “Асаба” гезитинен баштап, “Кыргыз Туусу”, “Бишкек таймс” гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Акыркы кезде “Азаттык” медиасында иштеп келген.

Зайырбек Ажыматовго Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген наам ыйгарылган.

  • “ПолитКлиника” медиасынын жамааты журналисттик эмгектерин да, ырларын да эл сүйүп окуган. мыкты журналист жана акын Зайырбек Ажыматовдун үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына, “Азаттыктагы” жана жалпы кесиптештерине, замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты