​Коомдук транспорт 11-майдан тартып иштейт

  • 4 года мурун

Өкмөттүн чечимине ылайык, өзгөчө кырдаал шартында коомдук транспортто — автобус жана троллейбустарда эл ташууга жана жүрүүгө бир топ талаптар коюлууда.

Ага ылайык, жүргүнчүлөр беткап, кол кап кийип, антисептик каражаттар менен жүрүүгө тийиш.

Айдоочу өз кабинасынан чыкпай, май куюучу жайдан башка жактарга барбашы зарыл. Эгер саламаттыгы начарлап жатканын байкаса, айдоочу кабинасынан чыкпай туруп, «Тез жардам» кызматына же комендатуранын түз байланышына чалып, кабар берүүгө тийиш. Айдоочу башкалар менен мүмкүн болушунча аз байланышууга аракет кылышы керек.

Жүргүнчүлөр салонго 60-70% ашык эмес, отургучтардын санынан ашырылбай салынышы зарыл. Транспорттун ичи күнүнө үч жолудан кем эмес дезинфекцияланууга тийиш.

Унаанын ичиндеги бардык кармагычтар, отургучтар ар бир каттам сайын тазаланып турууга тийиш.

Маршруттук кичи автобустардын ишин жандандырууга уруксат бериле элек.

Ушундай эле талаптар ишканалардын жумушчуларын ташууга да коюлууда. Жумушчулар унаада отуруп барышы керек. Унаада сөзсүз санитайзер болууга тийиш. Транспорт күн сайын тиешелүү түрдө дезинфекцияланышы керек.

Ал эми такси кызматына 1-майдан тартып иштөөгө уруксат берилди. Таксисттер салонго экиден ашык адам салбоого, машинаны күнүнө кеминде үч жолу дезинфекциялап, кармагычтар, отургучтар ар бир жүргүнчү ташыган сайын антисептик менен тазаланып турууга тийиш.

Президент Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал режимин узарткан.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыгып, кайсы тармактар иштей баштай тургандыгын аныктаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты