Бишкек шаарынын тарыхына онлайн-экскурс (Видео)

Бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарынын уюшулгандыгына 142 жыл болду. Бишкектиктерди борбордун майрамы менен куттуктап, Бишкек мэриясы менен бирге борбор шаарыбыздын тарыхына онлайн экскурсия сунуш кылабыз.

  • Бишкек шаары 1878-жылы 29-апрелде Токмок уездинен Пишкекке көчүрүлүп келген. Борбор шаарыбыз өзүнүн алгачкы статусун алып, Жети-Суу облусунун уезд шаары болуп калган.

Ошол күндөн тартып шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тышкы келбетин өзгөртүү боюнча активдүү иш-аракеттер жасала баштаган.

Анда шаарда 752 үй бар болчу. Шаардагы эң бир сыймыктуу жерлердин бири—шаардын старостасы Илья Терентьев салган эки кабаттуу там болгон. Терентьев азыркы Абдумомунов көчөсү менен Эркиндик бульварында жашаган.

  • 1889-жылы анда биринчи мектеп ачылган.
  • 1926-жылдын 5-апрелинде Пишпек уезддик шаары Фрунзе шаары деп өзгөртүлгөн.
  • 1926-жылдан баштап Бишкек шаарында курулуштардын экинчи этабын куруу башталган.

Бишкекке мыкты архитекторлор келип, курулуш иши кызуу жүргөн.

Ошол жылы стратегиялык ири объекттер курулган. Анын ичинде Өкмөт үйү, Кыргыз ССРинин Министрдер Совети, билим берүү мекемелери болгон.

  • 1970-жылдан баштап жаңы курулуштар, парктар, бульварлар,секверлер түшкөн.
  • 1974-жылы биринчи жолу 12 кабаттуу үй курулган. Андан кийин 16 жана 18 кабаттуу үйлөр салынган.
  • 1978-жылы Фрунзе шаарынын 100 жылдыгынын урматына борбор Эмгек Кызыл туу ордени менен сыйланган.
  • 1978-жылдын 2-сентябрында Фрунзе шаарынын герби бекитилген. Гербди Фрунзе шаар долбоор уюму иштеп чыккан.
  • 1991-жылдын 5-февралында борбор шаар Бишкек шаары деп аталып калган.

Быйыл шаардын туулган күнү дүйнөдө жана Кыргызстанда коронавирус пандемиясы күч алган учурга туш келип, массалык иш-чаралар уюштурулган жок.

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде, кол койгон жарлыкка ылайык Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылууда.

Коронавирус жайылышына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты