​Дагы алты медициналык кызматкер коронавирус жугузду

-Эмне себептен медицина кызматкерлерибиз коронавирус жуктуруп алып жатат? Бул суроого маалымат жыйынында медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Сооронбаев жооп берди:

-Медицина кызматкерлеринин коронавирус жугузгандыгынын объективдүү себептеринин бири бул вирустун жаңы түрү болуп жаткандыгында, коронавирус инфекциясынын жугуу деңгээли жогору, өмүрңн тобокелге салып, инфекцияныны очогунда иштеп жатышат.

Врачтардын өздөрңнүн даярдыгы тууралуу айтсак, бул биринчи тажрыйба, булардын баары таасир берет. Биз докторлорубуз менен дайыма иштешебиз. Биздин докторлор жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болгон.

Бул суроону комментарийлеш кыйын. Польшалык врачтар биздин медицина кызматкерлердин адистигин жогору баалашты, даярдыгын көрүп, баа беришти.

-Ал эми эмнеге дарыгерлер үйлөрдү кыдырганда подъезд тепкичтеринде анализ алып жатышат?

Бул маселе боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын саламаттык сактоо министрлигини коомдук медицина башкармалыгынын башчысы Айнура Аскарова маалымат жыйынында билдирди.

29-апрелге карата бир сутка ичинде 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Вирус жуктургандар Нарын облусунда-3, Бишкек шаарында-1, Ош облусунда-1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 191 учур катталды.

29-апрелге карата коронавируска 21 киши чалдыкканы аныкталды.

Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 729 болду.

29- апрелге карата бир сутка ичинде коронавирустан 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. 8 киши каза тапты

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты