Быйыл 9-майга карата массалык иш-чаралар өтпөй турган болду

  • 4 года мурун

Быйыл 9-майда Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт

-Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу биз 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чараларды өткөрө албайбыз, — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Мамлекет башчы акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция — «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына, өткөн жылдардагыдай эле, өзгөчө көңүл бөлүнөрүн, ЖМКда Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартыла турган болду.

28-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 13 учуру катталып, бардыгы 708ге жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты