Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери коомдук жайларда кылмыш дээрлик катталган жок

  • 4 года мурун

Өзгөчө абал режими киргизилген 25-марттан баштап, Бишкекте коомдук жайларда кылмыштуулук дээрлик катталган жок.

-Бул мыйзамга баш ийген жарандар өзүн-өзү изоляцияга алуу режиминде болгондугуна байланыштуу биз коомдук жайларда дээрлик кылмыштарды каттаган жокпуз, — деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Мындан сырткары, гуманитардык фонддордун атын жамынып, гумжардам көрсөтүүдө алдымчылык учурлары катталды.

Коронавирус жайылышына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылган.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты