​Казакстанда өзгөчө абал режими узартылды

  • 4 года мурун

Казакстанда өзгөчө абал режими узартылганын мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин билдирүүсүндө айтылганын Акорда расмий сайты кабарлады.

Бул чечим эксперттердин сунушу жана учурдагы абалга карап чыгарылганы белгиленди.

«Биздин жалпы чечимибиз Казакстанда терс реакцияны жаратпаш керек. Мен үчүн ар бир мекендешимдин өмүрү кымбат”

«Ошну менен бирге мамлекеттик комиссия өзгөчө абал учурунда, биринчи кезекте вирустун таралышы көзөмөлдө турган облустар менен шаарларда, карантин режимин жумшартууга барууга даяр».

«Мамлекеттик комиссия борбордун мисалы боюнча өлкөнүн аймактарында биринчи кезекте иштей турган уюмдардын тизмесин түзүү сунушталды» деп айтылат.

Казакстанда 16-марттан баштап күчүнө кире турган чечим 15-апрелге чейин созулаары жарыяланган.

Окумуштуулардын онлайн-маалыматы боюнча, 27-апрелге карата дүйнө жүзүндө 2 млн 971 миӊ 639 адам коронавируска чалдыккан. 206 миӊ 542 адам каза болду. Өзбекстанда-1869, Казакстанда 2717 киши, Кыргызстанда 695 киши чалдыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты