​Google Өзбекстанга 85 миң евро салык төлөдү

  • 4 года мурун

Google компаниясы Өзбекстандын казынасына 85 миң евро кошумча нарк салыгын төлөдү. Бул быйылкы жылдын биринчи кварталы үчүн төлөм экенин өлкөнүн Салык кызматы билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

2020-жылдан тартып күчүнө кирген Салык кодексине ылайык, Өзбекстанда санарип кызмат көрсөткөн компаниялардан төлөмдөр алынышы керек.

Ушул тапта «Гугл», «Нетфликс», «Самсунг» баштаган тогуз чет өлкөлүк компания салык төлөөчү катары каттоодон өткөн.

“Гугл салык” деп аталып жүргөн төлөм Орусияда 2016-жылдан бери иштеп келет. Интернет тейлөөнүн бардык түрү – тиркеме, оюн, музыка, фильм сатуудан, жарнамадан жана башкадан төлөм алынат. Мындай салык Австралия, Жапония, Корея, Жаңы Зеландия жана Евробиримдик өлкөлөрүндө бар.

Кыргызстанда да санарип кызмат көрсөткөн эл аралык компаниялардан салык алуу демилгеси көтөрүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты