​Нарында ПЧР-анализ ала турган көчмө лаборатория иштей баштады

  • 4 года мурун

Көчмө лаборатория облустук санитардык-эпидкөзөмөл борборуна жайгашып, 23-апрелден бери иштей баштады.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

Көчмө лабораторияда 4 адис иштейт, алардын үчөө Бишкек шаарынан барды.

Анда күнүнө 100 ПЧР-анализ алып чыгарууга мүмкүнчүлүк бар.

Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө. 26-апрелге карата облуста COVID-19 вирусунун 85 учуру аныкталган. Атап айтсак, Ат-Башыда — 64, Жумгал районунда — 10, Нарын шаарында — 8, Кочкор районунда 3 учур аныкталды.

26-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталып, жалпы саны 682ге жетти, 8 киши каза тапты.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты