​25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты

  • 4 года мурун

Республикада 26-апрелге карата бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Бул тууралуу маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, айыккандардын саны Бишкек шаарында – 10, Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 6, Нарын облусунда — 6 киши.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды

26-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталып, жалпы саны 682ге жетти, 8 киши каза тапты.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты