​Коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлер азайган жок

  • 4 года мурун

26-апрелге карата бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алгандыгы белгилүү болду.

Алар Бишкек шаарында – 3, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 кызматкер.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 180 медициналык кызматкерде аныкталды.

26-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталып, жалпы саны 682ге жетти, 8 киши каза тапты.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты